Тигүүчүлөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи төмөндөдү

28.02.2020, 13:00 Акчабар
Тигүүчүлөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи төмөндөдү

Кыргызстанда тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүш ишин жүргүзгөн юридикалык жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары 4 жылга төмөндөдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. 
 

Ошондой эле уюмдун ар бир жалданма жумушчусуна же жеке ишкерге минималдуу эсептик кирешеге жараша эсептелген киреше салыгынын атайын суммасы белгиленген.

Тийиштүү өзгөртүүлөр 2019-жылдын 23-декабрында КР «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Мыйзамына жана Салык кодексине киргизилген. Киргизилген өзгөртүүлөр 2024-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк иш жүргүзгөн, 50 жана андан көп жалданма жумушчулары бар уюмдар жана жеке ишкерлер салык агенттери катарында эле минималдуу эсептик кирешеге жараша эсептелген ар бир жалданма кызматкерге киреше салыгынын белгиленген суммасын жалданма кызматкерлердин эмгек акысынан кармап калып, төлөөрү Мыйзамда белгиленген.
 

Мындан тышкары, тигүү жана текстиль тармагында өндүрүштүк иш жүргүзгөн, 50 жана андан көп жалданма жумушчулары бар юридикалык жактар үчүн камсыздандыруу төгүмүнүн тарифинин ставкасы орточо эмгек акынын 12%дан 40%га чейинки өлчөмүндө белгиленген. Буга чейин юридикалык жактар үчүн тарифтин ставкасы 27,25%ды түзгөн.

Тэги: камсыздандыруу төгүмдөр текстиль тигүү цехи тариф ставка

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу