Өткөн жылы камсыздандыруу компанияларынын кирешеси 1,6 млрд сомду түздү

26.04.2022, 10:16 Акчабар
Өткөн жылы камсыздандыруу компанияларынын кирешеси 1,6 млрд сомду түздү

2021-жылы республиканын финансы секторунда 14 камсыздандыруу компаниялары ишмердигин жүргүзүп, алардын кирешелери 2020-жылга салыштырмалуу 8,7% азайды жана 1,6 млрд. сомду түздү.

Улуттук статистика комитетинен маалымдашкандай, аны менен бирге, кирешелердин негизги көлөмү (анын жалпы суммасынын 79%) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды.

Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары бул мезгил ичинде 9,1% кыскарды жана 1,3 млрд. сомду түздү. Мында жалпы чыгымдардын суммасынын 35% ишти жүргүзүүгө кеткен чыгымдарга жана 30% ашыгы кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу төгүмдөрүнө (сый акыларга) кеткен чыгымдарга туура келди.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 257 млн. сомго жакын сальдолоштурулган пайда алынды, бул 2020-жылга караганда 18,2 млн. сомго аз.

“2021-жылы камсыздандыруу компаниялары тарабынан 266 миң камсыздандыруу келишими түзүлдү, бул 2020-жылга салыштырганда 1,7 эсеге көп. Мында түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын ичинен 88% жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди. Ыктыярдуу камсыздандыруу үлүшүнө түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын дээрлик 70% туура келди”,- деп айтылат маалыматта.

Тэги: камсыздандыруу компаниялары Улуттук статистика комитети

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу