Казакстандыктардын 12% ы гана өлкө экономикасын жакшыртууга ишенет

20.09.2021, 10:25 Акчабар
Казакстандыктардын 12% ы гана өлкө экономикасын жакшыртууга ишенет

Казакстандыктардын көпчүлүгү өлкө экономикалык каатчылыкта деп эсептешет. Ал эми 12%ы гана жакынкы келечекте жакшырууну күтөт. LS Казакстандагы NielsenIQ изилдөөлөрү жөнүндө жазды.

Ага ылайык, респонденттердин 74%ы Казакстан экономикалык кризисте деп эсептешет. Бирок, 90% оптимисттик маанайга ээ.

Респонденттердин 8%ы жумушка орношуу перспективасын эң жакшы же жакшы, 46% - анча жакшы эмес, 6% - начар деп баалашат. Ал эми жакынкы жылдагы жеке финансылык абалды респонденттердин 16% ы сонун баалашат, 52% - жакшы, 30% - анча жакшы эмес, 2% - начар. Мындан тышкары, респонденттердин 40% ы азыр жаңы нерселерди сатып алуунун эң сонун же жакшы учуру деп эсептешет, 53% - анча жакшы эмес деген пикрде, - деп айтылат изилдөөдө.

Казакстандыктарды көбүнчө күнүмдүк товарлардын баасы, андан кийин ден соолук жана насыялар боюнча карыздар тынчсыздандырат.

Тэги: Казахстан опрос

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу