Тоо – кен иштетүүчү ишканалардын кирешесине салыкты 7 пайызга жогорулатуу сунушталууда

12.06.2020, 12:15 Акчабар
Тоо – кен иштетүүчү ишканалардын кирешесине салыкты 7 пайызга жогорулатуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин  бүгүнкү, 11 - июндагы жыйынында  депутаттар «Салык кодексине  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун  экинчи окууда карашты.

 

 

Мыйзам долбоору тууралуу Жогорку  Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча  комитетинин төрагасы  Салайдин Айдаров маалымат берди.

Мыйзам долбоору тарабынан алтын аралашмасы бар рудаларды жана концентраттарды саткан учурда тоо – кен иштетүүчү жана тоо - кенди кайра иштетүүчү ишканалардын кирешесине  салыкты 7 пайызга  жогорулатуу жана роялитинин салык базасын кайра кароо  сунушталууда.

Роялитинин  өлчөмү төмөндөгүдөй аныкталат:

1) алтын, күмүш, платина, ошондой эле курамында алтындан, күмүштөн, платинадан башка металлы бар рудалар   үчүн - 5 пайыз;

2) металлдар, курамында алтындан, күмүштөн, платинадан башка  металл рудасы жана концентраттар бар рудалар үчүн - 3 пайыз;

3) суу менен камсыздоонун  адистештирилген  уюмдары үчүн - 5 пайыз;

4) гипске - 6 пайыз;

5) жасалгалоочу материалдарды өндүрүү үчүн  табигый таштарга - 12 пайыз;

6) таш, күрөң көмүргө - 1 пайыз.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Исхак Пирматов  КР Өкмөтү башынан эле тоо - кен иштетүүчү жана  тоо - кенди кайра иштетүүчү ишканалардын кирешелерине  салыкты  3 пайызга жогорулатууну сунуштаганы тууралуу маселе көтөрдү.

«Салыктын 7 пайызга көтөрүлүшү тоо - кен иштетүүчү жана тоо - кенди кайра иштетүүчү ишканалардын  токтоп калуусуна алып келбейби?» - деп сурады эл өкүлү.

КР Өкмөтүнүн өкүлдөрү салыктардын көтөрүлүшү ишканалардын рентабелдүүлүгүнө таасир этпесин  айтышты. «Салыктарды жогорулатуу кирешелерди  адилеттүү бөлүштүрүү принцибинин негизинде  сунушталууда. Анын 40 пайызы мамлекетке түшөт, калган 60 пайызы  өздөрүндө калат», - деп белгилешти алар.

Депутат Улан Примов тоо - кен иштетүүчү жана  тоо - кенди кайра иштетүүчү ишканаларда эмгектенгендердин саны жөнүндө маселе койду. Өкмөттүн өкүлдөрүнүн айтымында, бул чөйрөдө 12 миңге жакын киши иштейт. «Салыктардын көбөйүшү жумуш орундарынын кыскаруусуна алып келбейби?” - деп сурады У.Примов.

Депутат  Кожобек Рыспаев тоо - кен иштетүүчү жана тоо - кенди кайра иштетүүчү ишканалардын кирешесине  салыкты  7 пайызга  жогорулатууну  колдоонун зарылдыгын белгиледи.

Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 

 

Тэги: Тоо – кен иштетүү тоо - кен Ишкана киреше салык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу