Тоо-кен компаниялардан түшүүчү каражаттарды региондорду өнүктүрүү фонддоруна бөлүштүрүү ачык жүрөт

13.01.2022, 16:04 Акчабар
Тоо-кен компаниялардан түшүүчү каражаттарды региондорду өнүктүрүү фонддоруна бөлүштүрүү ачык жүрөт

Президенттин 2021-жылдын 29-январындагы “Кыргызстандын кен казуу тармагын реформалоо маселеси жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу алкагында аймактарды өнүктүрүү фонддоруна тоо-кен ишканаларынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча маалыматты “Ачык бюджет” – budget.okmot.kg порталына жайгаштыруу боюнча иш жүргүзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эми өлкөнүн ар бир жараны тоо-кен компанияларынан аймактарды өнүктүрүү фонддоруна түшүүчү каражаттар кайда, качан жана канча өлчөмдө жумшалып жаткандыгын онлайн режимде көрө алат.

Эске салсак, аймактарды өнүктүрүү фонддору жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүнү жана күтүүнү каржылоо үчүн ачылган.

Белгилей кетсек, жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты - тоо-кен ишканаларынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, натыйжада, алардын пайдаланылышына жарандык көзөмөл орнотуу болуп саналат.

Тэги: тоо-кен ишканалары каржат региондорду өнүктүрүү фонду

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу