Турциянын Соода жана өнөр жай палатасына Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди

20.01.2020, 13:20 Акчабар
Турциянын Соода жана өнөр жай палатасына Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди

2020-жылдын 14-15 январында КР Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Малатья шаарына иш сапары болуп ѳттү. 

Иш сапардын алкагында, Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Малатья шаарынын Соода жана өнөр жай палатасынын Президенти Огузхан Ата Садыкоглу менен жолугушуп, Палатанын мүчѳлѳрүнѳ Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана климат боюнча бет ачар тартуулап, бизнес жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө(төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүүгө кеткен чыгымдар), макроэкономикалык көрсөткүчтөр жана Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине болгон мүчѳлүгү тууралуу айтып берди.  Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев иш адамдарын 2020-жылы боло турган кыргыз-түрк бизнес-форумуна  чакырып, кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Малатья провинциясындагы MÜSAİD филиалынын мүчѳлѳрү жана Башчысы Мухаррем Пойраз менен болгон жолугушууда, Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана климат боюнча бет ачар тартуулап, иш адамдарды кыргыз-түрк бизнес-форумуна чакырды.  Тараптар кыргыз иш-адамдары менен кызматташтыкты түзүү максатында, MÜSAİD 25 иш адамдарынан турган делегациянын Элчиликтин жардамы менен Кыргызстанга келе тургандыгы боюнча макулдашышты.

Маалымат катары: MÜSİAD - 1990-жылы Стамбулда түзүлгөн Эркин өнөр жайчылар жана ишкерлердин коому, жарандык уюм.

 

 

Тэги: Турция Торгово-промышленная палата инвестиции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу