Соода борборлору менен супермаркеттер саат 21.00гө чейин иштей алат

22.07.2020, 12:45 Акчабар
Соода борборлору менен супермаркеттер саат 21.00гө чейин иштей алат

Бүгүн, 22 июлдан тарта, соода борборлору менен супермаркеттерге кечки саат 21.00гө чейин иштөөгө уруксат берилди. Аталган токтомго Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койду.

Супермаркеттер, соода борборлору, комплекстер, дүкөндөрдүн тармактары күнүгө саат 7.00дөн 21.00гө чейин иштейт. Борбордук базарлар саат 9.00дөн 17.00гө чейин иш алып барышат.

Соода борборлорунда жайгашкан фудкорттор иштебейт. Кафе менен ресторандар, ошондой эле башка коомдук тамактануу жайлары саат 10.00дн 20.00гө чейин иш алып барат. Тамакты атайын буйрутма менен жеткирип берүү кызматтарынын ишине чектөө коюлга эмес, алар санитардык талаптарга толугу менен жооп бериши керек.

Коомдук транспорт буга чейин бекитилген тартипте иш алып барат, 7.00дөн 10.00гө чейин жана 17.00дөн 21.00гө чейин. Дем алыш күндөрү ккомдук унаа каражаттары жүрбөйт.

Ошондой эле тыюуу алдында төмөнкүлөр калат:

  • Көчөдөгү соода объектилери (секиргичтер, велосипеддерди ижарага алуу жана башка);
  • Тойканалардын жана коңүл ачуу жайларынын ишмердүүлүгү (түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башкалар);
  • Балдардын ойноо аянтчалары жана көңүл ачуу жайлары.

«Аталган чаралар Бишкек шаарынын аймагында эпидемиологиялык кырдаал жакшырмайынча күчүндө калат жана менчиктик фориасына карабстан баардык жарандарга тиешелүү болот»,-деп белгилейт мэрия.

Тэги: мэрия коронавирус Бишкек торговые центры

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу