Кыргызстан менен Кытайдын соода алакасы жыйырма жыл ичинде 24 эсе өстү

11.11.2022, 09:15 Акчабар
Кыргызстан менен Кытайдын соода алакасы жыйырма жыл ичинде 24 эсе өстү

Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 20 жыл ичинде 25 эседен ашты. Салыштырсак, Кытайдын жалпы тышкы соодасы бул мезгилде тогуз эсеге өскөн. Бул тууралуу ЕӨБнын “Борбор Азиянын экономикасы: жаңы көз караш” аттуу аналитикалык баяндамасында айтылат.

Борбор Азия мамлекеттеринин маалыматы боюнча, Кытай менен болгон соода 2021-жылы 33,7 миллиард долларды түздү (жалпы сооданын 20,4%).

Ага ылайык, Борбор Азия өлкөлөрү ичинен акыркы жыйырма жылда Кытайдын Түркмөнстан менен болгон соода жүгүртүүсү эң көп 200 эсе өскөн. Андан кийинки орунда Кытайдын Өзбекстан жана Тажикстан менен соода алакасы турат. Бул өлкөлөр менен сооданын көлөмү 100 эседен ашат. Кийинки орунда Кытай-Кыргызстан соода жүгүртүүсү 24 эсе, Казакстан менен соода алакасы 16 эсе өскөн. 

“Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Кытай маанилүү экспорттук багыттардын бирине айланууда. 2016-жылдан бери бул экспорт 42,8%га өсүп, 2020-жылы 16,4 миллиард долларды түздү. Кытай 2030-жылга чейин Борбор Азия менен соода көлөмүн 70 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылууда. Анын ичинде негизги басым  Борбордук Азия өлкөлөрүнүн товарларына жана айыл чарба өндүрүмдөрүнүн ички рыногуна жол ачууга өзгөчө көңүл бурулат”, - деп айтылат тиешелүү документте.  

Тэги: новости Кыргызстана экономика внешняя торговля

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу