Былтыр Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы соода жүгүртүү 125 миллион долларды түзгөн. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 80%га көп. Бул тууралуу Кыргызстан-БАЭ бизнес форумунун жүрүшүндө айтылды.
Өткөн жылы Кыргызстандын БАЭге болгон экспорту 101 миллион долларды түздү, бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 84%га көп.
Былтыркы жылы Бириккен Араб Эмираттарынын Кыргызстанга болгон импорту 25 миллион долларды түздү. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 66%га көп.