Кыргыз-казак айыл чарба өнүмдөрүнүн соода жүгүртүүсү 9%га өстү

02.11.2022, 09:30 Акчабар
Кыргыз-казак айыл чарба өнүмдөрүнүн соода жүгүртүүсү 9%га өстү

Быйыл сегиз айдын жыйынтыгы боюнча Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы айыл чарба өнүмдөрүнүн соода жүгүртүүсү 9%га өсүп, 159,9 млн долларды түздү. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлиги билдирди.

Казакстан Кыргызстанга негизинен жумуртка, сүт азыктары, ун, макарон, шоколад жана кондитердик азыктарды экспорттойт. Кыргызстандан коңшу өлкөгө сүт азыктары жана алкоголсуз суусундуктар кетет.

Казакстандын Айыл чарба министрлигинин башчысы Ербол Карашукеев Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда мал чарбачылыгында тыгыз экономикалык кызматташтыкты түзүү, айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүү жана кайра иштетүүнү биргелешип өнүктүрүү перспективалары бар экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле, ал генетикалык материалды алмашууда жана үрөн соодасын өнүктүрүүдө кызматташуунун келечеги бар экендигин айтты.

Тэги: новости Кыргызстана взаимная торговля сельское хозяйство аграрный сектор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу