Тайота компаниясы санариптик валюта чыгарууну көздөөдө. Жумушту Toyota Motors IT-компаниясы жүргүзөт. Бул тууралуу psm7.com басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, валютаны тестирлөө компаниянын 2.5 миң кызматкери арасында жүргүзүлмөкчү. Санариптик валюталар кызматкерлерге социалдык төлөм катары берилет. Аны блокчейн-капчыктарга сактаса болот жана иштеп чыгуу учурунда атайын түзүлгөн каталогдогу товарларга алмашууга мүмкүн. Бирок, бул валютаны иенге алмашканга болбойт.
Эгерде тестирлөө ийгиликтүү аяктаса, анда ишканалар ортосунда транзакция катары жүргүзүлүп турмакчы.