Хайнань провинциясына коронавирус менен күрөшүүгө 12 млн доллар бөлүнөт

04.02.2020, 11:50 Акчабар
Хайнань провинциясына коронавирус менен күрөшүүгө 12 млн доллар бөлүнөт

Кытайдын түштүк бөлугүнджө жайгашкан Хайнань провинциясында жайгашкан, эң башкы беш мамлекеттик коммерция финансы - насыя уюму болуп эсептелинген, Кытай соода-өнөр-жай банкы коронавирус менен күрөшүүгө 12 млн $ насыя берет.  Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазат. 

Маалыматка ылайык, каражат тазалык жана саламаттык сактоо уюмдарына жана аралда жайгашкан Хайкоу, Санья, Даньчжоу, Цюнхай жана Цюнчжун шаарларындагы дартты аныктоочу борборлорго жумшалат. 

Хайнань админстрациясынын жана борбордук бийликтин буйругуна ылайык, тез аранын ичинде бийлик фонддорунан вируска каршы жеңилдетүүчү насыялар берилүүсү керек. Бул иш - чаралар өпкө оорусунан алдын - алууга мүмкүнчүлүк берет. 

Официалдуу статистикага ылайык, Хайнань провинциясында коронавирус менен жабыркагандардын саны 71ге жеткен. Алардын ичинен бир гана бейтап сакайып чыккан. Оорунун 40% Санья жана Хайкоу шаарларында катталган. 

 

 

Тэги: Хайнань коронавирус Китай

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу