Транспорт министрлигинин үч кызматкери коррупцияга шектелип, камакка алынды

28.05.2020, 11:30 Акчабар
Транспорт министрлигинин үч кызматкери коррупцияга шектелип, камакка алынды

Жол жана транспорттук контролду жүзөгө ашырууда, коррупциялык схема аныкталып, финансы полициясы тарабынан Мамлекеттик автоунаа дирекциясынын үч кызматкери жемкорлукка шектелип  кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясынан билдиришти. 

 

Бишкек-Ош унаа жолунун «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө бекеттеринде автоматтык түрдө төлөө тутумдары орнотулганына карабастан, Мамлекеттик автоунаа башкармалыгы Транспорт жана жолдор министрлигинин түзүмдүк бөлүмүндөгү айрым кызматкерлер узак убакыт бою сиcтемага жат өзгөртүүлөрдү киргизип, иштетип келишкен.

 

Маалыматка ылайык, алар тыштан келген автоунаа үчүн белгиленген тарифти төлөө учурунда, автоунаанын чыккан өлкөсүн жана көлөмүн өзгөртүшүп, автоматтык системага мыйзамга каршы өзгөртүүлөрдү киргизишип, жыйынтыгында түшкөн акчаны бөлүшүп алып жүрүшкөн. Мындан тышкары, фотофиксацияга ылайык, транспорттун ири көлөмү система аркылуу эмес, негизсиз өткөрүлүп жүргөн. Жыйынтыгында автоунаа үчүн төлөнгөн тариф баасы, бюджетке эмес, өз кызыкчылыгын көздөгөн кызматкерлердин чөнтөгүнө түшүп турган.

 

 

«Мыйзамсыз аракеттер Транспорт жана жолдор министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жогорку кызмат адамдарынын көзөмөлү менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Аларга өткөрүү пункттарынан бардык маалыматтар автоматтык түрдө келип түшөт (мамлекеттик номери бар транспорттун түрү жана бюджетке төлөм),  тариф автоматтык түрдө алынат, бирок алар бюджетке түшкөн эмес. Жогоруда келтирилген фактылардын алдын алуу боюнча конкреттүү чаралар көрүлдү. Өз ара кызматкерлер тарабынан түзулгөн коррупциялык схеманын кесепетинен улам,  мамлекеттик бюджетке бир гана стационардык посттон 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилген», - деп айтылат билдирүүдө.

 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин түзүмдүк бөлүмүнүн үч оператору кармалып, Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын УКЖсына жайгаштырылган.

 

«Азыркы учурда Транспорт жана жолдор министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлеринин арасынан тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо максатында сотко чейинки тергөө иш-аракеттери боюнча кошумча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө», - деп айтылат билдирүүдө.

Тэги: коррупция жемкорлук система тутум Финансы полициясы Жол жана транспорттук контрол Сосновка Кара-Көл кызматкерлер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу