Беш министрликке бюджеттен 391.5 млн. $ жумшалган

04.10.2019, 11:18 Акчабар
Беш министрликке  бюджеттен 391.5 млн. $ жумшалган

2019 – жылдын январь айынан сентябрь айына чейин беш министрликке республикалык бюджеттен 391.5 млн. $ (27.2 млрд.сом) коротулган. Бул маалыматты КР каржы министрлиги билдирет. 

Эң көп чыгымды Билим берүү министрлиги түзгөн  - 212.5 млн.$ же 14 млрд. 813 млн. сом.

Чыгымдардын башкы бөлүгү билим берүү тармагындагы кызматкерлердин айлык акысына жумшалган – 11 млрд. 446 млн. сом жана Социалдык фондко – 2.1 млрд. сом бөлүнгөн.  

Социалдык өнүктүрүү министрлигине бюджетке 114 млн. $ бөлүнгөн. Анын ичинен социалдык жөлөк пулга 7.1 млрд. сом,  министрликтин кызматкерлеринин эмгек акысына 488 млн. сом жумшалган. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине тогуз айда 426 млн. сом бөлүнгөн. Керектөөчү товарларга жана кызматтарга 1 млрд. сомго жакын акча төлөнгөн. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине – 1.5 млрд. сом жумшалган. Анын ичинен кызматкерлердин эмгек акысына – 778 млн. сом, керектөөчү товар жана кызматтарга 530 млн. сом жумшалган. ӨКМдин кызматкерлеринин эмгек акысына  817 млн.сом жумшалып, жалпы чыгаша 1.3 млрд. сомду түзгөн. 

 

Тэги: бюджет Минфин КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу