Октябрда Жогорку Кеңештин чыгашасы 40.6 млн сомду түзөт. Бул сентябрь айына салыштырмалуу 6.5% (37.9 млн сом) көп. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдады.
Республикалык бюджеттин октябрь айындагы кассалык планына ылайык, ЖК башкаруу ишине 8.1 млн сом, гараж - 3.2 млн сом, төраганын резервдик фондуна 2.5 млн сом жумшалат.
Муну менен катар чыгашанын көлөмү 10.4 млрд сомго жогорулайт.