Түрк инвестициялык фондунун долбоору түзүлдү

28.03.2023, 14:40 Акчабар
Түрк инвестициялык фондунун долбоору түзүлдү

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түрк инвестициялык фондун түзүү боюнча келишимдин долбоорун жактырды. Бул тууралуу “КазТаг” билдирди. 

Фонддун максаты - аймактык ички сооданы кеңейтүү жана экономикалык активдүүлүктү колдоо аркылуу Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү. 

“Тиркелген Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын”, - деп айтылат Токаевдин жарлыгында.

Фонддун капиталы 10 000 баштапкы акцияны, ар бир мүчө үчүн 2 000 акцияны түзөт. Ар бир өлкө үчүн төлөнгөн акциялардын жалпы номиналдык баасы 70 миллион долларды, ал эми ар бир өлкө үчүн чыгарылган акциялардын жалпы номиналдык баасы 30 миллион долларды түзөт.

Документке Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан кол коюшат. 

Эске салсак, ушул жылдын 16-мартында Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун cаммитинде Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Түркиянын президенти Эрдоган маалымат жыйынында бул финансылык институт түрк дүйнөсүндөгү экономикалык өнүгүүгө түрткү болорун белгилеген.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу