2019-жылы «Түндүк электр» АККка 8 миң абонент кошулган

10.03.2020, 16:00 Акчабар
2019-жылы «Түндүк электр» АККка 8 миң абонент кошулган

2019-жылы «Түндүк электр» АККсына 8 миң абонент кошулду. Бул тууралуу «Түндүк электр» АККсынын башкы директору Искендер Кадыркулов билдирди.

«Түндүк электр» АККсынын 680 миң абоненти бар. Жыл сайын жаңы абоненттер кошулуп турат. 2019-жылы 8 миң абонент кошулду. Талас облусунда 50 миң, Чүй облусунда 250 миң абонент бар. Калган абоненттер Бишкекте турушат», - деди ал.

Учурда «Түндүк электр» ишканасынын 200 миң абонентинде акылдуу эсептегичтер орнотулган.

Быйыл ишкана 60 миң акылдуу эсептегич орнотууну пландап жатат.

Тэги: түндүк электр АКК абонент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу