Түркия Кыргызстандагы даяр долбоорлорго инвестиция салгысы келет

05.07.2021, 12:00 Акчабар
Түркия Кыргызстандагы даяр долбоорлорго инвестиция салгысы келет

Түркия Кыргызстандагы даяр долбоорлорго, айрыкча инфраструктура тармагына инвестиция салууну көздөп жатат. Бул тууралуу Хатай шаарынын мэри Лютфу Саваш Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун Түркиядан келген ишкерлер делегациясы менен жолугушуусунда билдиргени маалым болду. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун келечегин дагы талкуулашты. Калаа башчынын милдетин аткаруучу өз кезегинде Covid-19дун биринчи толкуну учурунда көрсөтүлгөн жардамга ыраазычылык билдирип, Түркиядан келген ишкерлерди колдоого даяр экендигин билдирди.

 

Түрк делегациясынын курамында Соода-өнөр жай палатасынын башкармалыгынын төрагасы Искендеруна Левент Хаккы Йылмаз, Антакья уюшкан өнөр жай аймак башкармалыгынын төрагасы Таксин Кабаали, Хатай мэринин кеңешчиси жана башка бизнес өкүлдөрү бар экени белгиленди.

 

Тэги: Турция Кыргызстан \ мэрия Бишкека

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу