Түркия Орусиядан келген туристтик агымдын жарымын жоготту

05.05.2022, 12:04 Акчабар
Түркия Орусиядан келген туристтик агымдын жарымын жоготту

Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги геосаясий кризис жана аба санкциялары россиялык туристтердин санынын азайышына алып келгенин билдирди. Маалыматка ылайык, алар 2021-жылдын мартына караганда 48% аз келген. Бул тууралуу Туроператорлор ассоциациясынын сайтында маалымдалды.

Белгилүү болгондой, 2022-жылдын март айында Түркияга 114 384 орусиялык турист келген. Бул өткөн жылдын март айынын 52% түзөт, анда өлкөгө 219 458 турист келген.

“Жаздын биринчи айында Орусиядан Түркияга келген туристтердин агымы аба каттамдарынын графигин бузгандыктан 48%, дээрлик эки эсеге кыскарган. Түркияга келген жалпы чет элдик туристтердин агымында Россия Федерациясынын үлүшү да эки эсеге азайды – 24,24%дан 10,91%га чейин”, - деп жазды Ator.

Белгилей кетсек, мунун баары менен ушул жылдын март айында Түркияга келген чет элдик туристтик агымдын жалпы көлөмү бир жыл мурункуга салыштырмалуу эки эседен ашык өскөн. Алсак, 2021-жылдын март айында республикага 905 323 чет элдик турса, 2022-жылдын март айында 2 79 565 келген.

Тэги: авиаперелеты туризм

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу