Түрк компаниясы Кыргызстанда өнөр жай зонасын ачышы мүмкүн

09.06.2021, 12:00 Акчабар
Түрк компаниясы Кыргызстанда өнөр жай зонасын ачышы мүмкүн

Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов түрк тарапка жакын арада Кыргызстанда өнөр жай зона ачууну сунуштады. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында маалымдалды.

Ошондой эле, 10-июнда өтө турган кыргыз-түрк бизнес форумунда Кыргызстан инвестициялар министрлиги менен Түркиянын OSTIM компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюулары күтүлүүдө. 

OSTIM өкүлдөрү кыргыз тарапка негизинен чакан жана орто ишканалар сунуш кылган жана Анкаранын алдыңкы өнөр жай зоналарынын бири болгон уюмдун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат беришти.

Уюмдун мүчөлөрү Түркиянын экономикасынын 17 негизги тармагында иштешери жана алардын саны 6,2 миңден ашуун ишкана экени белгиленди. OSTIM мүчөлөрүнүн негизги максаттарынын бири - бул өнүмдөрдү тышкы базарларга жеткирүү.

Бүгүн, 9-июнда президент Садыр Жапаровдун Түркияга расмий сапары башталды. Анын алкагында ал түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугат. Сапардын экинчи күнүндө Жапаров Түркиядагы кыргызстандыктар менен жолугары күтүлүүдө. 

Тэги: кономика Турция Алмамбет Шыкмаматов Агентство по инвестициям

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу