Түрк ишкерлерге ТИМ КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана климаты тууралуу айтып берди

16.09.2019, 17:40 Акчабар
Түрк ишкерлерге ТИМ КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана климаты тууралуу айтып берди

2019 – жылдын 11-сентябрында КР Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев Анкара шаарынын Өнөр-жай палатасынын Өнөр-жай (Cинжан) чөлкөмүнүн 1-уюштурулган  компаниясынын жетекчилиги жана өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы кабарлайт. 

Жолугушууда түрк ишкерлерине КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана климаты, анын ичинде бизнес жүргүзүүнүн шарттары (төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүү үчүн чыгымдар), ошондой эле өлкөбүздүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү жана КРнын тышкы соода жүгүртүүсү, КРнын ЕАЭБдеги мүчөлүгү жана Европа Бирлигинен ВСП+ статусун алгандыгы тууралуу презентация көрсөтүлдү. 

Иш-чаранын алкагында жана кабыл улуучу тараптын демилгеси менен, К.Омуралиев аталган өнөр-жай чөлкөмүнүн айыл-чарба жана курулуш техника чыгарган - «Эркунт» жана «Хидромек» ишканалары менен таанышты.

 

Тэги: Турция инвестиционный климат МИД КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу