Тышкы донорлордон дагы 116.2 млн доллар каражат келүүсү күтүлүүдө

02.07.2020, 11:40 Акчабар
Тышкы донорлордон дагы 116.2 млн доллар каражат келүүсү күтүлүүдө

Учурда бюджетти колдоо макстында 408.1 млн доллар суммасында каражат тартылып жатат. Бул тууралуу Финансы министр Бактыгүл Жеенбаева брифинг учурунда билдирди.

 

Анын айтымында, жогоруда көрсөтүлгөн сумманын ичинен, 2-июлга карата, 291.9 доллар Азия Өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фондунан келип түшкөн.

Эл аралык валюта фондунан эки транш менен Кыргызстанга жалпы суммасы 241 млн 900 миң доллар алып келди. АӨБдан 50 млн доллар которулду. Анын 25 млн доллары грант түрүндө келген.

Жыл соңуна чейин республикалык бюджетти колдоого дагы 116.2 млн доллар каражат тартып келүү күтүлүүдө.

Тэги: бюджет Финансы министр доллар сумма Бактыгүл Жеенбаева

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу