Тышкы карызды төлөөнүн көлөмү үч эсеге төмөндөгөн. Себеби эмнеде?

05.06.2020, 12:00 Акчабар
Тышкы карызды төлөөнүн көлөмү үч эсеге төмөндөгөн. Себеби эмнеде?

Мамлекеттик карызды төлөө үчүн планга ылайык, 1 млрд 922.1 млн сом каралган. Бирок, реалдуу түрдө 1 млрд 697.3 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрликтин материалдарынан билүүгө болот. 

 

Бюджеттен бөлүнгөн каражаттын ичинен 66.3% же 1 млрд 123 млн 904.4 миң сом – ички  карызды жабуу үчүн жумшалган. Ошол эле учурда тышкы карыздарды тейлөө үчүн болгону - 573 млн 379 миң сом каралган. Февраль айына салыштырмалуу тышкы карызды жабууга - 1 млрд сомго жетпеген каражат бөлүнгөн.

 

2020-жылы тышкы карызды төлөө үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражаттар

Мөөнөтү

Ички карыз

Тышкы карыз

Январь

1 846,2

721, 4

Февраль

1 863,9

934,4

Март

1 335,2

2 279,4

Апрель

1 685,6

1 898,9

Май

1 1 23,9

573,3


Мамлекеттик карыздын төлөө оорчулугунун кыскарышы, буга чейин айтылып келген реструктуризация жана төлөмдөрдү узартуу жөнүндө макулдашуунун ишке ашырылганы менен байланышы мүмкүн. Бирок, Каржы министрлиги тарабынан кайсы өлкө  менен жана кандай шартта макулдашуу жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымат алганга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин маалым болгондой, Франциянын, Германиянын, Даниянын, Япониянын, Кореянын, Түркиянын, Кытайдын, ошондой эле Сауд жана Кувейттин өнүгүү фонддору менен Кыргызстандын тышкы карызын реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок, жыйынтыгы азырынча белгисиз.

 Эске сала кетсек, буга чейин «Чоң жыйырма»  өлкөлөрү  жакыр мамлекеттерге  насыя каникулун берүү демилгесин колдоору белгилүү болгон.

Тэги: Тышкы карыз ички карыз пролонгация бюджет Каржы министрлиги реструктуризация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу