Тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөө боюнча республикалык штаб түзүлдү

06.03.2020, 09:50 Акчабар
Тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөө боюнча республикалык штаб түзүлдү

Коронавирустун жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу тышкы таасирлердин кесепетин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөөгө багытталган экономикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штаб түзүлдү. 

Республикалык штабды экономикалык маселелерге жооп бере турган вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жетектейт. КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр Самат Кылжыев, ошондой эле КР экономика министри Санжар Муканбетов штабдын төрагасынын орун басары болуп эсептелет. 

5-мартта штабдын биринчи жыйыны болуп, анын алдындагы маанилүү милдеттер жана маселелер белгиленип, каралды. Тармактык мамлекеттик органдарга тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу жана ата мекендик өндүрүштү өбөлгөлөө боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча тапшырмалар берилди. 

Республикалык штабдын мүчөлөрү: Финансы министри, Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри,  Тышкы иштер министри, Саламаттык сактоо министри,  Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасы, КР Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин директору, КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматы, КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматы, КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы, КР Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын директору, КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы, КР Улуттук банкынын төрагасы, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, КРӨкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэри, Ош шаарынын мэри , КР Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүм башчысы; КР Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүм башчысы; КР Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүм башчысы; КР Өкмөтүнүн Аппаратынын кредиттик саясат бөлүм башчысы; КР Өкмөтүнүн Аппаратынын агрардык өнөр жай комплекси жана экология бөлүм башчысы; КР Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана кен иштетүү бөлүм башчысы; КР Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүм башчысы; КР Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы; КР Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык өнүктүрүү бөлүм башчысынын орун басары.

 

Тэги: республикалык штаб КР Өкмөтү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу