«Ай-Пери» бизнес борборунун аукционерлеринин тизмесинде өзгөрүүлөр болду

06.12.2021, 09:46 Акчабар
«Ай-Пери» бизнес борборунун аукционерлеринин тизмесинде өзгөрүүлөр болду

“Ай-Пери” бизнес борбору ААКсы баалуу кагаздардын ээлеринин тизмеси өзгөргөндүгүн билдирди. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

29-ноябрда акционер Э.С.Арсалиевден мурастоо жөнүндө күбөлүк боюнча мураскорлордун ортосунда акциялар пакетинин 47,7 пайызы же номиналдык наркы 382,6 миң сомду түзгөн 331 213 баалуу кагаз бөлүштүрүлгөн.

Баалуу кагаздардын көпчүлүк бөлүгү, тактап айтканда 26,23 пайыз же 182 миң 166 нуска кагаз А.К.Бакаевага өткөрүлүп берилген. Алынган акциялардын номиналдык баасы 171,7 миң сомду түзгөн. Калган 21,46 пайыз үлүш тогуз мураскордун ортосунда 2,38 пайыздан бөлүштүрүлгөн. Баалуу кагаздардын пакетинин жалпы номиналдык наркы 171,7 миң сомду түздү.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 22-майында акционерлер “Манас-Хэндлинг” ЖЧКсынын Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна инвестициялык насыясын жана “Ай-Пери” бизнес борбору" ААК имаратынын күрөө келишимин эки жылдык мөөнөткө узартышкан.

Тэги: бизнес-центр Ай-Пери акционеры ценные бумаги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу