Кыргызстан ЕАЭБ менен өз ар соодасын жакшырта алган эмес

11.02.2020, 11:25 Акчабар
Кыргызстан ЕАЭБ менен өз ар соодасын жакшырта алган эмес

Евразия экономикалык союз менен болгон Кыргызстандын соода жүгүртүүсү болгону 8.6 пайызды түзгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев билдирди. 

«ЕАЭБге киргенден тарта, бизде жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Бирок, тилекке каршы биз бирикмедеги башка мамлекеттерден артта калып жатабыз. Эгерде 2016 - 2017 - жылдардагы аналитикалык маалыматтарды алып карасак, Армения союздагы башка мамлекеттер менен болгон сооданын көлөмүн 2 пайызга, Казакстан менен - 42 пайызга, Белорусия менен - 41 пайызга, Россия менен - 30 пайызга, Кыргызстан менен 8.6 пайызга гана жүргүзө алган. Силер (өкмөт) бул көрсөткүчтү кантип өзгөртө аласыңар?» — деп сурады Канат Исаев.  

Белгилей кетсек, өткөн жылы Кыргызстан ЕАЭБден өз позициясын жакшы жакка өзгөртө алган эмес. Кыргызстандын бирикмедеги мүчө мамлекеттерге болгон экспортунун үлүшү 2019 - жылдын январь - ноябрь айларында, 2018 - жылга салыштырмалуу эч кандай өзгөрүү болгон эмес. Жалпы көлөмдөн 1 пайызды гана түскөн. 

Муну менен катар, Кыргызстандагы импорттун көлөмү атамекендик товарлардын экспортунан жогору болууда. Ал эми  кошуна Казакстан менен болгон соода жүгүртүүдөгө үлүшү 36.9 пайызды,  импорттун көлөмү - 63.1 пайызды түзгөн. Армения менен болгон соодада Кыргызстандын үлүшү 2.3 пайыз. 


 

 

Тэги: ЕАЭС кабмин взаимная торговля

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу