КР өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Баткен облусундагы, Кызыл-Кыя шаарына караштуу Кара-Козу көмүр иштетүүчү жерди сатыкка койду. Бул тууралуу комитеттин официалдуу сайтында маалымдалат.
Баштапкы баа - 5.8 миң $ түзөт. Маалыматка ылайык, көмүрдүн 409 тонна запасы бар.
Аукцион 2019-жылдын 24-январында өткөрүлөт.