«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун ким ала алат?

18.09.2020, 15:30 Акчабар
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун ким ала алат?

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) «үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпулду алуунун жол-жоболорун маалымдайт.

Кайсы үй-бүлө «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун ала алат?

  • «Үй-бүлөгө көмөктү» төмөнкү үй-бүлөлөр ала алат:
  • 16 жашка чейинки балдары бар;
  • Үй-бүлөдө бир адамга бир айлык киреше кепилденген эң төмөнкү кирешеден, б.а. 1000 сомдон төмөн болсо.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо үчүн кайда кайрылуу керек?

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо үчүн факт түрүндө жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек, муну менен катар катталган жери мааниге ээ эмес.

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынат?

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо эске алынат:

  • айлык акы, стипендия;
  • ишкердик ишинен түшкөн кирешелер (салык органдарынын маалымкатынын негизинде);
  • жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер (айыл өкмөтүнүн маалымкатынын негизинде) жана башкалар.

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынбайт?

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо төмөнкү кирешелер эске алынбайт:

– пенсиянын бардык түрлөрү;

– мамлекеттик жөлөкпулдар;

– сөөк коюу үчүн жөлөкпулдар;

– кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар;

– жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар жана башкалар.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу кандай өлчөмдө дайындалат?

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун өлчөмү 810 сомду түзөт.

Эгерде үй-бүлө райондук коэффициенттер белгиленген бийик тоолуу, алыскы же жетүүгө кыйын жерде жашай турган болсо, анда жөлөкпул коэффициенттерди эске алуу менен төлөнөт.

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоо үчүн кайсы документтер керек?

  • паспорт;
  • балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк;
  • үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси тууралуу маалымат;
  • банктык маалымдаректер.

Эгерде тиешелүү мамлекеттик органдардын маалымат базасында керектүү маалматтар жок болсо, кошумча төмөнкү документтер талап кылынат:

  • жердин өлчөмүн жана түшүмдүүлүгүн көрсөтүү менен жердин барлыгы тууралуу маалымкат;
  • мал чарбасынын түрү жана саны тууралуу маалымкат;
  • статусту же кирешени тастыктоо зарылдыгына жараша башка документтер.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоого ким кайрыла алат?

Ата-эненин бири (же камкорчу). «Үй-бүлөгө көмөк» бардык документтер берилген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө, дайындалат, бала 16 жашка чыкканга чейин гана!

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ !!! Эгерде бала толук мамлекеттин камсыздоосунда болсо, анда ага жөлөкпул дайындалбайт.

Дайындалган «үй-бүлөгө көмөк» кайдан төлөнөт?

«Үй-бүлөгө көмөк» банк аркылуу, ал эми банк жок болгон калк отурукташкан пункттарда – почта бөлүмдөрү аркылуу төлөнөт.

Тэги: Үй-бүлөгө көмөк жол-жобо сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу