Британиялык компаниялар кыргыз IT-адистерине таң калууда

13.03.2019, 13:50 Акчабар
Британиялык компаниялар  кыргыз IT-адистерине таң калууда

Британиянын  British Expertise Internation компаниясы баш болгон делегациясы  Кыргызстанга соода алакасы максатында келишти. 

Бишкекке 11-14 мартка чейинки аралыкта Биританиянын үчүнү соода миссиясы  боюнча жолугушуулар өтүүдө. Англиядан келген 11 британ фирмасынын өкүлдөрү Бишкекте мамлекеттик чиновниктер, ишкерлер жана КР эл аралык уюмдар менен  жолугушууда.  Мындан тышкары алардын арасында  B2B-таанышуучу жолугушуулар менен UK-KG бизне-форумдар уюштурулду.

Соода миссиясынын негизги бөлүгү билим берүү жана  IT-чөйрөсүнө арналды.

«Биздин делегация сиздерде адамдардын потенциалы канчалык жакшы экенин билишет. Жыл сайын келген сайын жергиликтүү адисттердин ишин көрүп таң калып келем. Британиялык уюмдар бул жерде жакшы мамилелерди түзүүгө болоорну билип, ошон үчүн келип жатабыз. Эң башкысы республикада орус жана англист тилдеринде эркин сүйлөгөн  сапаттуу  IT-адистери бар. Кыргызстан Азия менен Европаны байланыштырып турган көпүрө сыяктуу. Биринчи визит сюрприз болчу. Жыл сайын келген сайын өлкөнүн технологиялык потенциалын көрүп жатам. Ошондуктан, бул өлкө тууралу айтууда ушуга басым жасап жатам» — деп билдирди British Expertise Internation компаниясынын директору  Александра Барнес.

 

Соода миссиясынын алкагында КР Британиянын билим берүү системасынын өкүлдөрү дагы келишкен.

«Биз бул жерде эң кенири билим берүу тармагы бар экенин билебиз. Арасында сапаттуу жана начар билим бергендери да бар. Ошондуктан, биз алардын потенциалын жогорулатууну каалайбыз. Сиздер билгендей Британиянын билим берүү системасы эң жакшы тажрыйбага ээ. Биз өз технологияларыбызды бул жерге алып келүүгө куштарбыз »— белгиледи Барнес.

 

Соода миссиясынын жыйынтыгы боюнча Британиядан келген фирмалардын жарымы жергиликтүү  ишкерлер менен келишим түзүүшү күтүлүүдө. 

 

Айтмакчы Кыргызстанга соода миссиясы менен дүйнөгө белгилүү Британиянын бред фирмалары келишти.  Bloomberg, Cambridge Assessment, EURO IT group, Mayphil IPG UK, IMC Worldwide, Roughton International Limited, Stephen Austin and Sons Limited, Beautiful Destinations, Future Skills Commission, Integras Technologies, Lintelligent, Crown Agents.

Тэги: Великобритания Кыргызстан бизнес торговая миссия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу