Улуттук банк Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

11.10.2019, 10:19 Акчабар
Улуттук банк Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

2019-жылдын 10-октябрында КР Улуттук банкынын төрагасы Т.С. Абдыгулов менен Ислам өнүктүрүү банкынан келген делегация ортосунда жолугушуу болуп өттү.  

Делегацияны Ислам өнүктүрүү банкынын Казакстандагы Алматы шаарында жайгашкан Аймактык кеңсесинин директору Х.Т. Мааруф мырза жетектеди.  

Жолугушуу учурунда 2020-2023-жылдар аралыгында банктар ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды. 

Мындан тышкары, Улуттук банктын төрагасы Т.С. Абдыгулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан  Ислам өнүктүрүү банкы тобунун президенти, доктор Б. Хаджар мырзага андан ары берүү үчүн делегациянын жетекчиси Х.Т. Мааруф мырзага 2019-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган жогорку деңгээлдеги “Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү” форумуна чакыруу катын тапшырды. 

 

Тэги: Улуттук банк Ислам өнүктүрүү банкы кызматташтык 2020-2023

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу