Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 4,25 пайыз деңгээлинде калтырды

01.10.2019, 16:57 Акчабар
Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 4,25 пайыз деңгээлинде калтырды

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 4,25 пайыз деңгээлинде калтырды. Бул тууралуу маалымат жыйында КР УБнын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.
Анын айтуусунда, өлкөдө инфляция бир калыпта төмөн динамикада сакталууда.

"Жылдык инфляция 2019-жылдын январь айындагы 0,4 пайыздан жогорулап, сентябрь айында (20-сентябрга карата) 2,2 пайызды түзгөн. Инфляциянын мындай түптөлүшү буга чейин мурда белгиленгендей эле дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда баа конъюнктурасынын туруктуу болушу жана ички суроо-талаптын жогорулап кетпеген динамикасы менен шартталган", - дейт ал.

Абдыгулов кошумчалагандай, Улуттук банк ички жана тышкы таасирлер жок болгон шартта, төмөн инфляциялык динамика өтүп жаткан жылдын аягына чейин 4,0 пайыздан ашпаган көрсөткүчтө (2019-ж. дек./2018-ж.дек) сактала тургандыгын, ал эми анын жылдык орточо мааниси – 1,2 пайыз деңгээлинде болушун болжолдоодо.

Булак: Кабар 

 

Тэги: Улуттук банк эсептик өлчөм 2019

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу