2020-жылдын 26-майында жүгүртүү мөөнөтү 7 жыл болгон Мамлекеттик казыналык облигацияларды кайталап сунуштоо боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Эмиссиянын көлөмү - 400 млн сомду түзөт. Баалуу кагаздардын кирешеси - 7% түзөт.
Белгилей кетсек, 7 жылдык МКО боюнча аукцион, талаптын жоктугуна байланыштуу өткөрүлгөн эмес.