КР эл аралык резервдери жыл башынан бери 70 млн $ азайган

07.04.2020, 13:00 Акчабар
КР эл аралык резервдери жыл башынан бери 70 млн $ азайган

Кыргызстандын эл аралык резервдери жыл башынан тарта 70 млн долларга кыскарды. Бул тууралуу Улуттук банктын материалында жазылат. 

Март айынын жыйынтыгы менен резервдин көлөмү 2 млрд 361.8 миң $ түзгөн. Февраль айы менен салыштырып караганда резервдин көлөмү 32.21 млн $ же 1.35%, январь айына салыштырмалуу - 70 млн $ же 2.88% төмөндөгөн. 

Эске сала кетсек, март айынын башында Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн  109.7 млн долларга 4 интервенция өткөргөн. Ал эми 2020-жылдын башында УБ интервенцияны 216.9 млн долларга жасаган. 

Тэги: Улуттук банк кезектеги интервенция валюта рыногу эл аралык резерв

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу