Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14% деңгээлинде сактап калды

26.04.2022, 11:26 Акчабар
Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк Башкармасы 25-апрелде эсептик чен өлчөмүн 14,0 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 26-апрелден тартып күчүнө кирет.  

Пандемиядан кийинки мезгилде көпчүлүк өлкөлөрдө инфляция экономикалык жигердүүлүктү колдоо жана дүйнө жүзү боюнча товар ташуу-жеткирүү системасынын үзгүлтүккө учурашын жөнгө салуу чараларынын таасири астында өнүккөн. Орун алган геосаясий жагдайларынан улам дүйнөлүк азык-түлүк жана энергия продукциялары рыногунда баалардын өсүшүнүн уланышы инфляциялык басымды күчөтөт. Мындай шарттарда дүйнөлүк тенденция менен катар эле, Кыргызстанда апрель айында керектөө баалары 14,3 пайызга өстү.  

“Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 2022-жылдын январь-март айларында 4,5 пайызды (Кумтөр алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда – 3,8 пайызды) түзгөн, бул көбүнчө, 2021-жылдын башындагы төмөндөөдөн кийин экономика тармактарынын көрсөткүчтөрү калыбына келиши менен шартталган. Мында кыйла жогорку көрсөткүчтөр өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана айыл чарба секторлорунда белгиленген”,- деп айтылат Улуттук банктын билдирүүсүндө.  

Глобалдуу сыяктуу эле, регионалдык экономикалык өнүгүү көз карашынан алганда, келечекте белгисиздик жагдайы кыйла күчөгөн, ал Кыргызстандагы мындан аркы экономикалык процесстерди, анын ичинде инфляциянын динамикасын алдын ала аныктайт. Учурда макроэкономикалык жана финансылык туруктуулукту колдоо негизги фактор болуп саналат.  

Улуттук банк тарабынан өз учурунда тиешелүү чаралар көрүлгөндүгүнө байланыштуу акча жана валюта рынокторундагы абал салыштырмалуу туруктуу сакталып турат. Мында бул сегменттерде, бүтүндөй финансы рыноктогудай эле белгилүү бир өзгөрүлмөлүүлүк сакталып калууда. Бул, эң оболу, өлкө экономикасынын ачыктыгы жана көлөмүнүн чакандыгы, соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөр менен тыгыз байланышта болгондугу менен шартталган.  

“Улуттук банк тышкы жана ички экономикалык чөйрөнүн өнүгүү шарттарын эске алуу менен эсептик чен өлчөмүн 14,0 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты Кыргызстанда инфляциялык тобокелдиктерди ооздуктоого жана инфляциялык күтүүлөрдү төмөндөтүүгө багытталган. Негизги чендин бул деңгээли өлкөнүн макроэкономикалык шарттарына ылайык келет жана экономикада орун алган тобокелдиктер боюнча Улуттук банктын саясатын чагылдырат”,- деп түшүндүрөт Улуттук банктан.  

Улуттук банк түптөлгөн жагдайды туруктуу негизде көзөмөлдөп турат жана зарыл болгон учурда орто мөөнөткө каралган мезгилде баа туруктуулугун камсыздоо максатына жетүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт. 

Тэги: эсептик чен өлчөм КР Улуттук банкы инфляция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу