Улуттук банк кезектеги интервенцияны жасады

20.03.2020, 09:10 Акчабар
Улуттук банк кезектеги интервенцияны жасады

Валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн КР Улуттук банкы интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

Бул ирет Улуттук банк 3,7 млн доллар саткан (бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен). Муну менен Улуттук банк жыл башынан бери жетинчи ирет, ал эми бул айда төртүнчү ирет интервенция жасады. Ошентип март айында эле Улуттук банк валюта рыногунда 109,7 млн доллар сатты (ал эми жыл башынан бери 196,2 млн доллар).

Белгилей кетсек, бүгүн, 19-март күнү доллардын курсу кескин көтөрүлүп, 1 доллар 73 сомдон сатып алынып, 85 сомдон сатыла баштаган. Айрым банктарда доллар сатылбай калган.

Тэги: Улуттук банк кезектеги интервенция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу