«Улуу Жеңишке 75 жыл» жана «Элдик Апрель революциясына 10 жыл» коллекциялык монеталар чыгарылды

06.05.2020, 16:30 Акчабар
«Улуу Жеңишке 75 жыл» жана «Элдик Апрель революциясына 10 жыл» коллекциялык монеталар чыгарылды

Кыргызстандын Улуттук банкы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арнап «Тарыхый окуялар» сериясынан «Улуу Жеңишке 75 жыл» коллекциялык күмүш жана жез-никель монетасын, ошондой эле ушул сериядагы «Элдик Апрель революциясына 10 жыл» коллекциялык жез-никель монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу КР УБнын расмий сайтында маалымдалат.

                                    «Улуу Жеңишке 75 жыл» монетасы

 

 

Бир канча жылдар өтүп, кайсы бир окуялар тарых барактарынан өчсө дагы каардуу Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында канын, жанын аябай салгылашкан, өз элинин эркиндиги үчүн курман болгон баатырлардын жасаган эрдиктери кийинки муундардын эсинде түбөлүккө сакталат.

Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин тынчтыкты даңазалаган көгүчкөн түзөт (күмүш монетасында голограмма түрүндө берилген), анын арткы фонунда Кызыл Армиянын солдаттарынын жана офицерлеринин «Жеңиш автографтары» жазылган Рейхстаг дубалы чагылдырылган. Монетанын жогору жагында «Улуу Жеңишке 75 жыл / 75 лет Великой Победе» жазуусу, ал эми төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925°), салмагы (28,28 г), ошондой эле монетанын номиналы (10) жана Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдигинен болгон сомдун графикалык белгиси – С берилген.

Монетанын арткы бетинде «75»деген сандын фонунда «28 Баатырдын эрдиги үчүн»мемориалдык комплексинин элеси түшүрүлгөн. Монетанын жогору жагында «Улуу Жеңишке 75 жыл / 75 лет Великой Победе»жазуусу жана Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында кайраттуулук менен эрдиктин символу катары гвоздика гүлү түстүү басма менен түшүрүлүп, монетанын чыгарылган жылы (2020) көрсөтүлгөн.

Согуштун алгачкы жылдарында генерал-майор И.В. Панфилов командалык кылган 316-аткычтар дивизиясынын душмандарга каршы сокку урган беттеши чечүүчү жана маанилүү салгылашуунун бири болуп саналат, алардын катарында кыргыз элинин эр жүрөк уулдары да бар эле. 28 панфиловчулардын мындай эрдиктери согуш жылдарында өзгөчө чечүүчү ролду ойногон. Эр жүрөк баатырлардын артка тартпас кайраты менен эрдиктери эл арасында уламыштарга айланып, алардын ысымдары тарых барактарында өлбөс-өчпөс бойдон түбөлүккө сакталып калды. 1975-жылы салгылашуу болуп өткөн жерде «28 Баатырдын эрдиги үчүн» мемориалдык комплекси орнотулган, ал 28 панфиловчулардын катарында салгылашкан алты улуттун өкүлүнөн болгон жоокерлердин элесин чагылдырган алты монументалдык эстеликтен турат.

 

 

«Элдик Апрель революциясына 10 жыл» монетасы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына арналып чыгарылган.

Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн кайгылуу окуяларда курман болгондордун жаркын элесине арнап, Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында орнотулган монументтин фрагменти түзөт. Монетанын жогорку бөлүгүндө «Элдик Апрель революциясына 10 жыл» деген жазуу чагылдырылган.

Монетанын арткы бетинде кыргыз улуттук оймо-чиймесинин фонунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын жогорку бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазуу жайгаштырылган, ал эми төмөнкү бөлүгүндө монета чыгарылган жыл (2020) көрсөтүлгөн.

Ар бир монета акрил капсуласына салынган жана өзүнчө таңгакталган. Коллекциялык монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Тэги: Улуу Жеңиш Элдик Апрель революциясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу