Жалпы насыялоонун 5% ислам принцибинде берүүгө багыт алынды

10.07.2019, 14:20 gulmira umetalieva
Жалпы насыялоонун 5% ислам принцибинде берүүгө багыт алынды

Банк секторундагы пайыздар качан төмөндөйт? Калк үчүн насыялар жеткиликтүүбү? Айтоор банктарга байланышкан  суроолорубузду  Улуттук банктын  системалуу тобокелдиктерге талдап-иликтөө бөлүмүнүн башчысы Ильичбек Султанкуловго кайрылдык. 

Банк сектору кайда бара жатат? Негизги өзгөрүүлөр менен жаңылыктар менен бөлүшсөңүз

Жылдан жылга банк системасына ишеним артуу жогорулоодо. Алсак, акыркы жылдары баардык көрсөткүчтөр өсүүдө. 2019-жылдын башынан бери  2,9% өсүп,  ушул жылдын июнь айында 228,5 млрд сом болуп, насыялардын көлөмү 6,7% жетип, ал суммардык эсепте 136,4 млрд сом болду. 2019-жылы депозиттик база 2,0%, ал 135,8 млрд сомго жетти. 
Эгерде алгачкы эки актив банк секторундагы өсүүнү көрсөтсө, депозиттик базанын көбөйүшү элдин банктарга болгон ишенимин көсөтүүдө. 
Банк системасы инвестициялар үчүн ачык. 2019-жылы июнда чет элдик капиталдын банк секторундагы үлүшү 39,3% түздү. Айтмакчы, Кыргызстандагы  16 коммерциялык банктарда чет элдик жарандардын үлүшү бар. 

Банктардын бекемдиги  баштапкы капиталга байланыштуу. Алсак, 2019-жылдын июнь айында банктардагы акчанын суммардык жетиштүүлүгү  25,7% түздү. Ал эми белгиленген чекте 12 %  деп каралган. Демек, банктардын туруктуулугу ишенимдүү. Эгер кандайдыр бир тобокелдиктер болсо  да  2 эсе ишенимдүү. 
Банктардын өтүмдүүлүк коэффициенти  67,8%, ал эми нормада 45% деп каралган. Ошондуктан, көп эле банктар «камбыл». Анткени, аларда жетиштүү каражаттары бар. Эгерде амнатчылардын астында милдеттүү  төлөм жасоо керек болсо,  ошону жүргүүгө кудуреттүү.  

Улуттук банк банк тармагындагы туруктуулуктуу  сактоо үчүн кандай аракеттерди жасоодо? 

Банк системасында туруктуулукту камсыздоо жана коммерциялык банктарга элдин ишенимин артыруу максатында Улуттук банк  мыйзамдарынын негизинде иш алып барат. Алсак, акыркы кезде банктардагы баштапкы капиталды 600 млн сомдон кем эмес болсун деп талап коюп жатабыз. 2018-жылдан бери Улуттук банк тобокелдиктин алдын алуу боюнча коммерциялык банктарга көзөмөлдү күчөттү. Бул алдын ала жазалган көзөмөл эл аралык тажрыйба. Биз банктарга көзөмөл жасап, кандайдыр бир тобокелдиктердин алдын алабыз. 
ЕАЭБ финансы рыногунда банктар аралык атаандаштыкты күчөтүү, туруктуулук менен банктык тобокелдикти алдын алууга баштапкы капиталды көзөмөлдөп, коммерциялык банктардын көрсөткүчтөрүнө карата «капиталдын буфери»  аныкталды. 
Улуттук банк, Кыргыз Өкмөтүнүн  көргөн аракеттеринен улам банк тармагында доллардык насыялар менен депозиттер төмөндөдү. 2019-жылдын 1-июнуна карата кредиттик портфелдеги доллардын коэффициенти 36,6% ( ал эми 31.12.2018 жылы. – 38.0%), ошол эле маалда жеке жана юридикалык жактардын депозиттеринин  доллардык коэффициенти 42,4% ( 31.12.2018 жылга . – 44,5%) төмөндөгөн. 

Учурда Кыргызстанда канча банк иштеп жатат? Алар калкты тейлөөдө  жетиштүбү? 

Улуттук банк баардык банк системасын көзөмөлгө  алып жөнгө салуучу башкы орган. Учурда 25 коммерциялык банк республиканын  баардык аймагында ишмердигин жүргүзүүдө. Ошондой эле, « Кыргызстан банктарынын бирикмеси» уюму бар. Ар бир банктын аймактарда сактык кассалары, филалдары менен өкүлчүлүктөрү ачылган. 319 банктын филиалы жана 891 сактык кассалар элге кызмат көрсөтөт. Ар бир коммерциялык банк калкка кызмат кылуу менен финансы рыногундагы жаңылыктарды сунуштап, элдин учурдагы талаптарына жараша кызматтарды сунуштоодо. 


Банк тармагында жакынкы аралыкта кандай өнүгүү стратегиялар каралды. Анткени, заман өзгөрдүүдө? 

Учурда Улуттук банк менен Кыргыз Өкмөтүнүн  токтому менен 2018-2021-жылга карата банктын негизги өнүгүү багыттары  боюнча документ кабыл алынган.  Дал ушул документке ылайык,кыска аралыкта жети негизи максаттар белгиленди: 

  •   банк системасына инновациялык жаңылыктарды киргизүү;
  • насыялар боюнча пайыздык ченди кыскартуу; 
  • банк кызматарын жеткиликтүү  жана сапаттуу кылуу; 
  • ислам каржылоосун кеңири жайылтуу; 
  • банк системасынын туруктуулугун камсыздоо, негизги тобокелдиктердин алдын алуу; 
  • ЕАЭБ  алкагында мыйзамдарды шайкеш келтирүү; 
  • кибербкоопсуздукту  күчөтүү; 

Жогорудагы талаптарды аткаруу менен негизги стратегиялык максаттарыбызды багындарабыз. 

Ошондо,  жакын арада банк системасында кандай өзгөрүү  болот? 

Мисалы банк системасындагы активдерди өлкөнүн ИДӨ 55 пайызына жеткирүү  керек деген максатыбыз бар. Азыр ал ИДӨ 40,7% түзөт. Жогоруда жасалган аракеттерден улам калктын кирешеси өсүүсү күтүлүүдө. Анда агрардык секторго, чакан жана орто бизнеске насыя берүүнүн көлөмү көбөйөт. Ошондой эле,ислам банктары же ислам принциптери менен иштеген «терезелер» ачылса,  анда жалпы кредиттик портфелдин 5% түзсө деген тилек. Азырынча, ислам принциптери менен болгону 0,9% насыялар берилет.

Ал эми орточо салмакталган насыялардын пайыздык чени 2021-жылга чейин 15,0% түшсө, анда өлкөдө экономикалык жана саясий туруктуулук сакталат. Кыргызстанда инфляциянын деңгээлин 19% жогорулатпай кармоого болот. 

Улуттук банк банк сектору  менен микро каржылоо тармагында пайыздык ченди төмөндөтүүгө багытталган иш-аракеттерин уланта берет. 

Быйыл өлкөнү  санариптештирүү жылы деп жарыяланды эле. Негизи дүйнө дагы тездик менен технологиялык жактан өсүүдө. Бул багытта Улуттук банк  аймактарга кандай жаңылык алып келе алат? 


 Жыл башынан бери Улуттук банк тарабынан бир нече иш-аракеттер жасалды. Учурда коммерциялык банктардын бири  «Алыскы айылды колдоо », «Аймак», «Өнүгүү» сыяктуу  аймактардагы туругундарга багытталган насыялар  сунушталууда. 
Ошондой эле, ар бир облуска бир нече күрөөсүз  ири  суммадагы насыя берүү каралууда. Мындан тышкары, банктардын бири «Мен Кыргызстанды инвестициялайм»  деген насыяны сунуштоодо. Анда, курулуш, мал  жана айыл чарбасында жеңилдетилген насыя каралган. Башка банктар дагы жеңилдетилген насыяларды сунуштоонун алдында турат. 

Маегиңизге рахмат! 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу