Улуттук банк валюта рыногундагы абал тууралуу билдирүү таркатты

06.04.2022, 12:50 Акчабар
Улуттук банк валюта рыногундагы абал тууралуу билдирүү таркатты

Учурда валюта рыногундагы жагдай салыштырмалуу туруктуу абалда турат. 2022-жылдын башталышынан тартып 6-апрель аралыгында АКШ долларынын сомго карата расмий курсу 1 АКШ доллары үчүн 1,06%, 84,8000 сомдон 85,7000 сомго чейин жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Өзгөрүлмө алмашуу курсунун учурдагы саясаты алкагында АКШ долларынын улуттук валюта - сомго карата алмашуу курсу чет өлкө валютасынын суроо-талабына жана сунушуна жараша ички валюта рыногунда эркин түзүлүүдө.  

Азыркы учурда ички валюта рыногунда чет өлкө валютасын сунуштоого караганда, ага карата суроо-талап жогорулап жаткандыгы байкалууда, бул көбүнчө психологиялык факторлор жана рыноктун катышуучуларынын күтүүлөрү менен шартталган. 

Улуттук банк ички валюта рыногундагы жана тышкы финансылык рыноктордогу жагдайды, ага кошо соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндөгү жагдайды туруктуу негизде көзөмөлдөп турат.  

Зарылчылыгына жараша, чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун кескин өзгөрүлмөлүүлүгүн текшилөө жана валюта рыногундагы туруктуу жагдайды колдоо максатында, Улуттук банк ыкчам кийлигишип, тиешелүү чараларды көрө алат, анткени, жетиштүү ресурстарга жана акча-кредит саясатынын инструменттерине ээ. 

Улуттук банктын эл аралык резервинин көлөмү 2022-жылдын 5-апрелине карата абал боюнча 2 626 млн АКШ долларын түзөт жана өлкөнүн товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн импортунун келечектеги көлөмүнүн болжол менен 6,0 айын жабат.  

Тэги: валюта жагдай

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу