«Бир айыл—бир продукт» экономикалык долбоору ишке кирет

03.03.2023, 14:50 Акчабар
«Бир айыл—бир продукт» экономикалык долбоору ишке кирет

Президент Садыр Жапаров улуттук экономикалык “Бир айыл—бир продукт” долбоору тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Бир айыл — бир продукт” долбоору (БАБП) өлкөнүн региондорун өнүктүрүү максатында Японияда иштелип чыккан жана ал калктын бакубаттуулугун жогорулатууга олуттуу салым кошот. 

БАБП долбоорунун концепциясы тигил же бул регионду чагылдырган уникалдуу, сапаттуу продукцияны изилдөө жана өндүрүү болуп саналат. 

БАБП долбоору үч принциптен турат: 

  • өз күчүнө ишенүү жана креативдүүлүк;
  • адам ресурстарын өнүктүрүү;
  • жашаган жерине жараша ой жүгүртүү, бирок глобалдуу аракеттенүү. 

Долбоор жергиликтүү ресурстардан сапаттуу продукция өндүрүүнү, бизнести башкаруу, маркетинг жана продукцияны сатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү көз карашынан алганда өндүрүүчүлөрдүн көндүмдөрүн өнүктүрүүнү, продукцияны жергиликтүү жана эл аралык рыноктордо илгерилетүүнү, жергиликтүү бренддерди түзүүнү жана продукциянын баалуулугун жогорулатууну болжолдойт. 

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу