Улуттук энергохолдингге жаңы жетекчи дайындалды

10.02.2021, 10:15 Акчабар
Улуттук энергохолдингге жаңы жетекчи дайындалды

Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКтын жамаатына башкармалыкка жаңы дайындалган төрага Бакыт Сыдыковду тааныштырды. Бул тууралуу компаниянын басма cөз кызматы билдирди.

 

 

Министр К.Турдубаев Сыдыков энергетика тармагында көп жылдык тажрыйбага ээ экенин жана тармактын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошконун белгиледи.

«Азыркы учурда энергетика тармагы оор абалга кептелди. Ошондуктан, абалдан чыгуу үчүн чечкиндүү чараларды кабыл алуу зарыл. Мындай талап президент Садыр Жапаров тарабынан коюлду. Улуттук энергетикалык холдинг энергетика тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун маанилүү звеносу болушу керек», - деди министр.

Тэги: энергетика Кубанычбек Турдубаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу