Улуттук энергохолдингдин туунду компаниялары күз-кыш мезгилине даярдык иштерин улантууда

03.07.2020, 10:45 Акчабар
Улуттук энергохолдингдин туунду компаниялары күз-кыш мезгилине даярдык иштерин улантууда

Улуттук энергохолдингдин туунду компаниялары күз-кыш мезгилине даярдык иштерин улантууда. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматынан билдиришти.    

 

Жалпыга маалым болгондой, ушул жылдын 22-март күнү COVID-19 пандемиясынын айынан өлкөбүздө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу  Өкмөт тарабынан бир айлык өзгөчө кырдаал мезгили киргизилип карантин жарыяланган.  Бул мезгилде калкты жана калктын жашоо-тиричилигине эң маанилүү деген социалдык объектилерди үзгүлтүксүз электр жана жылуулук энергиялары менен камсыздоо жана мектеп окуучулардын, студенттердин онлайн режиминде билим алуусуна шарт түзүү максатында Улуттук энергохолдинг тарабынан буйрук чыгарылып, өзүнүн карамагындагы энергокомпанияларга тиешелүү тапшырмалар берилген. Ага ылайык, жыл башында бекитилген электр жана жылуулук тармактарын ремонттоо, капиталдык курулуш жана реконструкциялоо боюнча пландык жумуштарын  убактылуу токтотуп туруу, дебитордук карыздары болгон учурда да өчүрбөө, карыздарга эсептелүүчү туумдарды токтотуп туруу сыяктуу бир катар тапшырмалар берилген.

Өлкөдөгү мектептерде, орто жана жогорку жайларда окуу мезгили толук аяктаган күндөн тартып, электр жана жылуулук бөлүштүрүүчү компанияларында  ремонттоо, капиталдык курулуш жана реконструкциялоо боюнча пландык жумуштар кайрадан башталып азыркы мезгилде кызуу уланууда. Бул жумуштар албетте электр энергиясын берүүнүн убактылуу үзгүлтүккө учуроосун шарттайт. Бөлүштүрүүчү электр компаниялардын маалымат кызматтары тарабынан боло турган пландык өчүрүүлөр жөнүндө ЖМК, социалдык тармактар жана расмий сайт аркылуу керектөөчүлөргө тиешелүү маалыматтар берилүүдө.

Ал эми авариялык өчүүлөр болгон учурда район, шаарлардагы электр тармактар  ишканасында нөөмөттө турган бригадалар ыкчам аракеттеринин негизинде авариялык өчүүлөрдү мүмкүн болушунча аз убакытта калыбына келтирүү чараларын көрүүдө.

Тэги: Улуттук энергохолдинг компания күз-кыш мезгили компания

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу