Улуттук энергохолдинг координациялык штаб түздү

23.03.2020, 16:10 Акчабар
Улуттук энергохолдинг координациялык штаб түздү

Улуттук энергохолдингтин диспетчердик, авариялык-калыбына келтирүү кызматтары жана оңдоп-түзөө бригадалары күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул тууралуу холдингтин басма сөз кызматы билдирди. 

«Калк, социалдык объекттер жана мамлекеттик мекемелер электр энергиясы менен камсыз болуусу керек.  Карантин жарыяланган аймактарда өчүрүүлөргө жол бербөө үчүн пландалган оңдоп-түзөө иштерин токтото туруу зарыл», - деп жазылат маалыматта.

Улуттук энергохолдингтин башчысы бардык кызматкерлерди вирустан коргонуу каражаттары менен камсыз кылууга жана имараттар менен курулмаларды, компаниялардагы жумушчу орундарын кылдаттык менен санитардык иштөөдөн өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурду.

«Компанияларда вирустун таралуу тобокелдигин жокко чыгаруу үчүн биз бардык аракеттерди камсыздообуз керек.  Административдик кызматкерлердин көпчүлүк бөлүгүн үйдө олтуруп аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуш кылабыз.  Ал эми өндүрүш ишмердүүлүгүнө тартылган кызматкерлерди унаа жана ысык тамак менен камсыз кылуу зарыл», - деп белгиледи Айтмамат Назаров.

Мындан тышкары, мүмкүн болуучу штаттан тышкаркы абалдарга ыкчам мамиле көрсөтүү максатында, өзгөчө кырдаал режиминде энергетикалык компаниялардын ишмердигин координациялоо боюнча штаб түзүү боюнча чечим кабыл алынды.  Бул штаб сутка бою тармактын туруктуу иштөөсүнө мониторинг жүргүзүп, коюлган тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлгө алат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу