Улуттук статистикалык комитет: 11 ай ичинде инфляциянын көлөмү 2,1% түзгөн

11.12.2019, 10:55 Акчабар
Улуттук статистикалык комитет: 11 ай ичинде инфляциянын көлөмү 2,1% түзгөн

2019-жылдын январь-ноябрь айындагы керектөөчү сектордогу инфляциянын көлөмү 2,1% түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Улуттук статистика комитетинин өкүлү Чынара Турдубаева Бишкекте өткөн пресс-конференцияда билдирди.

Бул тамак-аш продукциясына, алкоголдук жана алкоголсуз ичимдик, чылым жана кызматтарга  болгон баанын жогорулашы менен байланыштуу деп билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери тамак-аш жана алкоголсуз ичимдикке болгон баа 4% , кызматтардын тарифтик баасы – 0,3% жогорулаган. Алкоголдук ичимдиктерге болгон баа акыркы 11 ай ичинде 0,5% азайган. Ал эми чылымдын баасы, тескерисинче 13% жогорулаган.

«Жыл башынан бери керектөөчү товарлардын жана кызматтардын баасы Нарын облусунда – 3,5%, Ысык-Көлдө – 4,6%, Баткенде – 5,4% жогорулаган. Жыл башынан бери алкоголдук ичимдиктерге жана чылымга болгон баанын жогорулашы  бардык региондордо катталган. Анын ичинен эң көп баанын өсүшү Ысык-Көл облусунда болгон », - деп айтты.

Кызматтарга болгон тарифтин максималдуу түрдө 3,5% жогорулашы Нарын облусунда байкалган, деп кошумчалады.

Тэги: улуттук статистика инфляция 11 ай

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу