Кыргызстанда эл аралык лаборатория ачылышы мүмкүн

31.01.2023, 13:30 Акчабар
Кыргызстанда эл аралык лаборатория ачылышы мүмкүн

Сертификациясы Евробиримдиктин өлкөлөрүндө таанылган эл аралык лабораторияны Кыргызстанда ачуу маселеси Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Умбриэль Темиралиевдин Германиядагы ири компаниялардын жетекчилери менен жолугушуусунда талкууланды. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. 

Тактап айтканда, Умбриэль Темиралиев Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин мүчөлөрү, Саксония жана Бавария федералдык жерлеринин экономика министрликтери, Бавариянын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай министрлиги, Мюнхен жана Жогорку Бавариянын Соода-өнөр жай палатасынын, "Staff-eye" (IT сектору), "Knauf", "DEG Invest" (финансы сектору), "Global GAP" (айыл чарба продукциясын сертификациялоо) "Wessling GmbH" (7 өлкөдө 24 лабораториясы бар дүйнөлүк аккредитацияланган лаборатория) компанияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушту.

Ал германиялык өнөктөштөргө энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба, өнөр жай, инфраструктуралык долбоорлор чөйрөсүндөгү Кыргызстандын инвестициялык потенциалы менен тааныштырды. Ошондой эле, Кыргызстанды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана өндүрүүчүлөрдүн жана инвесторлордун ишин жакшыртууга көмөктөшүүчү инвестициялык саясат чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө маалымат берди.

"Сертификациясы Евробиримдиктин өлкөлөрүндө таанылган эл аралык лабораторияны Кыргызстанда ачуу маселелерин талкуулоо маанилүү болду. Колдонулган дөңгөлөктөрдү жана медициналык буюмдарды кайра иштетүү, курулуш материалдарын чыгаруучу завод куруу, айыл чарба тармагындагы адистер менен тажрыйба алмашуу жана башкалар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды жана макулдашууларга жетишилди.”, - деп айтылат маалыматта.

Президентке караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Умбриэль Темиралиевдин Германияга иш сапары Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин демилгеси жана көмөгү менен 23-28-январь күндөрү болду.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу