Өлкөгө аткезчилик жол менен мыйзамсыз унаалар ташылып келген

11.03.2021, 15:00 Акчабар
Өлкөгө аткезчилик жол менен мыйзамсыз унаалар ташылып келген

Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келген унаалар аныкталды. Бул тууралуу  бажы кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 2002-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Toyota RAV 4», 2012-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Hyundai Sonata» жана 2007-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Volvo-FH440» үлгүсүндөгү унаалары өлкөгө мыйзамсыз алынып келген.

Бул фактылар боюнча төлөөгө тийиш болгон бажы алымынын суммасы туум менен кошкондо 4 млн 895 миң 915 сомду түзөт.

Мындан тышкары, «Volvo-FH12» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын чыгарылган жылын өзгөртүү менен так эмес декларациялоо фактысы «Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери тарабынан аныкталды.

Бул факт боюнча төлөөгө тийиш болгон бажы алымынын суммасы туум менен кошкондо 1 млн 361 миң 24 сомду түзөт.

Жалпысынан мамлекет 6 млн сомго жакын зыянга учураган. 

 

Тэги: унаа Аткезчилик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу