«Унаа» ишканасынын дагы 6 бөлүмү 19-июлга чейин карантинге жабылат

07.07.2020, 14:15 Акчабар
«Унаа» ишканасынын дагы 6 бөлүмү 19-июлга чейин карантинге жабылат

Элдин топтолушун чектөө жана коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында«Унаа»ишканасынын Нарын, Сүлүктү, Балыкчы, Каракол, Кочкор, Жумгалдагы бөлүмдөрү 19-июлга карантинге жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

 

Каттоо кызматынан билдиришкендей, эпидемиологиялык кырдаалдын начарлаганына байланыштуу «Унаа» ишканасынын Бишкек шаардык бөлүмү жана Аламүдүн, Ысык-Ата райондук бөлүмдөрү 6-июлдан тартып 19-июлга чейин карантинге жабылган.

«Андан тышкары, Бишкек шаардык бөлүмүнүн Аймактар аралык секторунун («Риом» авторыногу) иш күндөрү кыскартылып, ал ишемби, жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү иштейт», - деп билдирет Каттоо кызматы.

«Унаа» ишканасынын иши боюнча маалымат жана кеңештерди алуу үчүн 0312633174 жана 0312633931 номерлерине кайрылууга болот.

Тэги: унаа Ишкана бөлүмдөр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу