1-мартка карата Улуттук банктагы таза куйма алтындын баасы 25.3 $ же 2.9 миң сомго төмөндөдү. Бул тууралуу регулятор маалымдады.
Бүгүнкү күндө унция алтындын баасы 153 миң 390 сомду түзүүдө. Белгилей кетсек, 26-февралда баа 156 миң 383.5 миң сом турган. Муну менен катар, баалуу металл 1.9% төмөндөдү.
Кошумчалай кетсек, дүйнөлүк рынокто унция алтындын баасы 1 миң 749 доллар турат.