Kыргызстан бюджеттик башкарууну француз компаниясына тапшырды

21.06.2021, 15:30 Акчабар
Kыргызстан бюджеттик башкарууну француз компаниясына тапшырды

Бюджеттин пландаштырылышын, координацияланышын, аткарылышын жана ачыктыгын өркүндөтүү үчүн Кыргызстан франциялык Linpico SARL компаниясын жалдады, ал консультациялык жардам көрсөтөт, деп билдирди Экономика жана каржы министрлигинин басма сөз кызматы.

Linpico SARL Кыргызстанга бюджеттин киреше жана чыгашаларын орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте натыйжалуу болжолдоо үчүн финансылык программалоонун колдонуудагы эконометрикалык моделин жаңыртууга жардам берет. Компания ошондой эле өкмөттөр аралык фискалдык мамилелерди, накталай акча каражаттарын пландаштырууну, накталай ликвиддүүлүктү башкарууну жана бюджеттик милдеттенмелерди контролдоону эл аралык тажрыйбага ылайык өркүндөтөт.

Мындан тышкары, Linpico SARL мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясын жаңыртууга жардам берет жана тышкы жана ички карыздарды башкаруу жана эсепке алуу үчүн DMFAS v6.0 конфигурациясына функционалдык жана техникалык талаптарды даярдайт.

Linpico SARL өз ишин май айында баштаган жана долбоорго катышкан бөлүмдөрдүн башчылары менен бир катар жолугушууларды жана талкууларды өткөргөн.

Тэги: экономика госдолг Франция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу