Баткен суу чарба башкармалыгы мамлекетке 3 млн сом зыян келтирди

13.08.2021, 11:30 Акчабар
Баткен суу чарба башкармалыгы мамлекетке 3 млн сом зыян келтирди

Баткен облусунун прокуратурасы аталган облустук суу чарба башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мамлекетке дээрлик 3 миллион сомдук материалдык зыян келтирүү фактысын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Баткен районунун Көк-Таш айылындагы "Головной" суу алгычын бетондоо үчүн запастык бөлүктөрдү жана кызматтарды сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Анда аткаминерлер жеке ишкерлерге мыйзамсыз түрдө 1 млн 657 851 сом которушкан, алар өз кезегинде ишти аткарышкан эмес. 

Ошондой эле, Баткен облусунун Капчыгай жана Ак-Сай насостук станцияларын куруу боюнча тендердин жүрүшүндө жогоруда айтылган адамдар мамлекеттик сатып алуулардын талаптарына карама-каршы келгенине карабай, тендерде көрсөтүлгөн кызматтарга эң жогорку бааны сунуштаган берүүчүлөрдү жеңүүчү деп табышкан. Мамлекеттик сатып алуулардын баасын ашыкча көрсөтүүдөн мамлекетке келтирилген зыян 602 миң сомду түздү.

Мындан тышкары, аталган ишкананын жооптуу адамдары бонустар жана иш сапар чыгымдары түрүндө берилген 651 миң сом өлчөмүндөгү каражатты өздөштүргөнү аныкталган.

Аткаминерлердин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жалпы суммасы 2,9 миллион сомдук зыян келтирилген.

Материалдар кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Тэги: прокуратура тендер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу