USAID өлкөнүн саламаттык сактоо тармагына 4 млн доллар бөлөт

15.02.2023, 14:22 Акчабар
USAID өлкөнүн саламаттык сактоо тармагына 4 млн доллар бөлөт

USAID жугуштуу ооруларды алдын алуу, алардын кесепеттери менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга 4 млн доллар берүүнү пландоодо. Бул тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова менен USAIDдин Администраторунун орун басары Изобель Коулмандын жолугушуусунда белгилүү болду. 

Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова USAID уюмуна бул тармакка туруктуу колдоо көрсөтүп келе жаткандыгына ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда тараптар кургак учук, COVID-19, АИВ/ЖИКС менен күрөшүү жана жалпы саламаттык сактоо системасын чыңдоо боюнча биргелешкен демилгелерди талкуулашты.

Ошондой эле, Коулман USAID жаңы коркунучтардын жана жугуштуу ооруларды азайтуу жана алардын кесепеттери менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга 4 млн доллар кошумча каржылоону пландаштырып жатканын билдирди.

Кошумчалай кетсек, USAIDдин Администраторунун орун басары Изобель Коулман Кыргызстанга Борбордук Азияга болгон иш сапарынын алкагында келди. Сапардын жүрүшүндө ал өкмөт өкүлдөрү, ишкерлер, жарандык коомдун лидерлери жана медиа өкүлдөрү менен жолугары пландалууда. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу